Аксыда дарыяга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери убактылуу токтотулду

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Жалал-Абад облусунун Аксынын районунун Түрдүк жайлоосуна мал айдап бара жатып дарыяга аты менен кошо түшүп кеткен 11 жаштагы баланын сөөгүн издөө иштери убакылуу токтотулду.

Бул тууралуу «Турмуш» басылмасына ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнөн 2-июнда маалымдашты. Маалыматка ылайык, баланы издөө иштери суунун ылай болуп кеткендигине байланыштуу токтотулган.

Өспүрүм 24-майдан тарта изделип келет. Ал Түрдүк жайлоосуна мал айдап бара жатып, Желе-Терек тилкесиндеги мал өтүүчү көпүрөгө жеткенде аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери мал кайтарып бара жатып сууга түшүп же көчкүнүн астында калып каза тапкан өспүрүмдөрдүн бир нече окуялары катталган.

17-майда аталган облустун Сузак районунда 6 жаштагы бала мал айдап баратып Канжыга дарыясына агып кетип каза болгон.

Мындан сырткары, 11-майда Ош облусунун Өзгөн районунда тоодо кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы баланы сел агызып кеткен.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Алай районундагы Терек айылында мал караганы кетип дайынсыз болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү кар көчкүнүн алдынан табылган.

Тема боюнча:

Аксы: Мал кайтарып жатып дарыяга аты менен кошо кулап кеткен өспүрүм табыла элек