Аксы: Мал кайтарып жатып дарыяга аты менен кошо кулап кеткен өспүрүм табыла элек

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 24-майда аты менен кошо дарыяга кулап кеткен 11 жаштагы өспүрүм табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспүрүм Кара-Суу айыл аймагынын Түрдүк жайлоосуна мал айдап бара жаткан. Ал Желе-Терек тилкесиндеги мал өтүүчү көпүрөгө жеткенде аты үркүп кетип, сууга түшүп кетишкен.

Жерине ӨКМдин беш куткаруучусу атайын унаа менен барып издөөнү баштаган. Учурда анын өздүгүн тактоо боюнча да иштер жүрүп жатат.

Жыл башынан бери өспүрүмдөр мал кайтарып жүрүп каза болгон бир нече окуя катталган. 17-майда аталган облустун Сузак районунда 6 жаштагы бала мал айдап баратып Канжыга дарыясына агып кетип каза болгон.

Ал эми 11-майда Ош облусунун Өзгөн районунда тоодо кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы баланы сел агызып кеткен.

Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Алай районундагы Терек айылында мал караганыв кетип дайынсыз болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү кар көчкүнүн алдынан табылган.