«Баары абсурд». Өмүрбек Бабановду сотко алып келишти

Сүрөт: Tazabek

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду 2-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Бүгүн анын бөгөт чарасы каралат.

Бабанов сот имаратынын алдында «Азаттыктын» журналистине «Кумтөр» боюнча тагылган айыпты «бул аша чапкандык» деп билдирди.

«Баары абсурд. Мен “Кумтөрдөн” 16 миң гектар жерди мамлекетке кайтарган жалгыз премьермин. Түшүнүксүз иш болуп жатат. Кудай буюрса сотто жакшынакай чечилет деп ойлойм», — деди ал.

Ал эми журналист анын иши «саясийби» деп сураганда «соттун чечимине карата баа берилет» деп жооп берди.

Мындар сырткары аталган райсотто экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаевдин да баш коргоо чарасы каралат деп күтүлүүдө.

Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектелип 31-майда кармалган. 1-июнда анын жүздөгөн тарапташы Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына чогулуп, бөгөт чарасы каралат деп күтүшкөн.

Ошондой эле анын ондогон тарапташы Талас облустук администрациясынын алдына топтолушкан. Алар тергөөнүн акыйкат жүрүшүн талап кылышууда.

31-майда Бабанов менен чогуу депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров кармалып, экөө эки айга камалган.

Андан соң экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалып, экс-спикер Дастан Жумабеков, экс-депутат Максатбек Сабиров жана депутат Рыскелди Момбеков иштин алкагында сурак берген.

Ошондой эле бул иш боюнча Темир Сариев да сурак берген. Ал эми 26-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча жер тилкени чалгындоо иштери үчүн бөлүп бергени үчүн кармалган.