«Өч алуу же пиар эмес». Текебаев УКМК эмнеге саясатчыларды кармап жатканы тууралуу

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 1-июнда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Кумтөрдүн айланасындагы камоолор алдыдагы эл аралык сотко даярдануу менен байланыштуу экенин билдирди.

Анын айтымында, эл аралык сотко «Кумтөр» боюнча келишим башынан эле коррупция болгонун, ага президенттер, чиновниктер жана өкмөт башчылары баары аралашканын далилдеп алып баруу керек.

«Коррупция десе дүйнөлүк коомчулук, Канада, Америка деле терс пикирин билдирет. Бүгүн баарын массалык түрдө кармап, далилдеп жатканын өч алуу же пиар эмес, дадилдик базабызды бекемдөө катары караш керек», — деп билдирди Текебаев.

Ошондой эле, Улуттук коопсуздук комитети кармалган мурдагы аткаминерлер менен депутаттардын күнөөсү тууралуу элге ишенимдүү маалымат бериши керек деген оюн айткан.

Текебаев кенди улутташтыруу идеясын жана азыркы бийликтин Кумтөргө байланышкан аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Саясатчыларды кармоо

31-майда УКМК тарабынан бир нече чуулуу тергөө иш-чаралары жүрдү — ведомство парламенттин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров суракка чакырылганын бышыктаган.

Ошол эле күнү кечинде Бишкектин Биринчи май райсоту аларды УКМКнын ТИЗОсуна эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Депутаттар «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат.

Мурда ушул эле иш боюнча экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев кармалган.

Мындан тышкары, экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун жактоочусу Дастан уулу Улан дагы экс-аткаминер 31-майда УКМКга суракка 31-майда барып, ал жерде эки сааттай болгонун билдирген.

1-июнда экс-депутат Максат Сабиров дагы УКМКга «Кумтөр» иши боюнча суракта болгонун кабарлаган. Анын айтымында, ал күбө катары сурак берген.

«Мени 2012 жана 2013-жылдары “Кумтөр” боюнча комиссиянын мүчөсү болгонум үчүн сурашты. Сурактын чоо-жайын айтып бере албайм», — деген экс-депутат.

Мындан тышкары, суракка күбө катары парламент депутаты Рыскелди Момбеков дагы чакырылган. Ал да Кумтөр боюнча чакырылганын маалымдаган.

«Коллегаларыңыздын баары Кумтөр боюнча суракка чакырылып жатат, ошол боюнча сурайбыз деди. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында болбосом, 2009-жылкы келишим түзүлүп жатканда оппозицияда жүрсөм, анан кандайча Кумтөрдүн ишине аралашып калганымды өзүм дагы түшүнбөй жатам.

Асылбек Жээнбековдун жактоочусу айтпадыбы, 2012-жылы Садыр Жапаровду колдобой койгону үчүн камап жатат деп. Мени деле Акылбек Жапаровду колдобой койгонум үчүн чакырган болушу мүмкүн. Кумтөр алтын кенин текшерүү комиссиясынын корутундусуна карата өзгөчө пикирим өзгөчө адамдарга жакпай калышы мүмкүн», — деген Момбеков.

«Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев УКМКга чакырылган, ага чейин мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев да кармалган болчу.

Centerra Gold Inc компаниясындагы сот иштери

Майдын ортосунда «Кумтөрдү» иштетип келген Centerra Gold Inc ишканасы Кыргызстанды арбитраждык сотко бергени белгилүү болгон. Ишкананын билдирүүсүндө бийликтин иш-аракети тараптар тарабынан бекитилген келишимдерди бузуп жатканы айтылган. Алар өз укуктарын коргой турганын айтышкан.

Ишкана Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгарууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

20-майда Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы «Кумтөрдүн» убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арыздангандыгы маалымдалган.

Центерранын билдирүүсүндө Бөлтүрүктүн компаниянын алдындагы бузууларына жооп иретинде сот дооматы коюлганын, мындан тышкары, ал «кыргыз өкмөтүнүн жакында эле Кумтөр кенин басып алуусуна байланыштуу» экени айтылган.

Канада ишканасынын билдирүүсүндө Бөлтүрүк Центерранын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн кеткенге чейин кыргыз өкмөтү менен кенди басып алууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн делет.

7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Кийин 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясына убактылуу сырттан башаруучу кылып дайындаган. 

Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

1-июнда Centerra Gold компаниясынын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин баштоо үчүн Нью-Йоркто сотко кайрылышканы белгил болгон.

Алардын документтери АКШнын банкрот болуу жөнүндөгү Федералдык кодексинин 11-бөлүмүнө ылайык Түштүк округунда каттоого алынышы керек.

Бул процесстин мааниси соттун көзөмөлү астында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларына карата бүткүл дүйнө жүзүндө баардык дооматтарды автоматтык түрдө токтото турууну шарттайт.