Жалал-Абад шаарынын тургуну 7 жашар балдызына ыдык көрсөтүүгө шектелүүдө

Жалал-Абад шаарынын 31 жаштагы тургуну 7 жашар кызга «сексуалдык ыдык» көрсөтүүгө шектелип жатат. Милицияга арыз менен кыздын апасы кайрылып, шектүү анын күйөө баласы экенин айткан.

«Окуя 1-июнда болгон. Бизге арызды кыздын апасы жазды. Анда ал анын кызына күйөө баласы өзүнүн автоунаасынын ичинде сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын билдирген. Бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат», — дешти Жалал-Абад ОИИБиден.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» деген берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ошондой эле, кызга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук соту өткөн жылдын 17-январында 9 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого айыпталган 57 жаштагы кишини эки жылга эркинен ажыраткан.

Соттолуучу мас абалында кошуна кызды чакырып, 200 сом сунуштап үйүнүн короосун шыпырып берүүнү өтүнгөн. Кийинчерээк ал кызды үйүнө чакырып, чечиндирип сексуалдык ыдык көрсөткөн. Өспүрүм кыз коркуп, үйдөн качып чыккан.

Үстүбүздөгү жылдын январында Ички иштер министрлиги Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган жаш балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккендигин билдирген.

Маалыматка ылайык, жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болот. Мындан улам ИИМ ата-энелерди балдарын эркек кишилер менен жалгыз калтырбагыла деп кеңеш берет. Ким болбосун, алысырак туугандар болсо деле ушул эрежени балдарга үйрөтүү керек.