Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Азамат Раматиллаев дайындалды

Азамат Раматиллаев. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Руслан Алтымышев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу, ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Азамат Раматиллаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Эрнисбек Ормоков 3-июнда кол койду.

Азамат Раматиллаев — 37 жашта. Ал буга чейин Каржы министрлигинин Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 2020-жылдын декабрында жалгыз талапкер катары бир добуштан шайланган. Аны менен бирге мэрлик кызматка талапкерлигин койгон Эрнист Зияйдинов шайлоо күнү талапкерлигин алып койгон.

Эрнисбек Ормоков — Жалал-Абад шаардык кеңештин үч чакырылышынын депутаты болгон. Ошондой эле, Ормоков шаардык кеңешке «Ата журт» партиясынан келген, ал эми 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан аттанган. Ал тизмеде №14 орунда болгон.