Баткенде 18 жаштагы чек арачы өзүнө ок чыгарып каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Баткен чек ара отрядынын жоокери 4-июнда өзүнө атып жанын кыйды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы билдирди.

Мекемеден маркум аскер кызматына 2021-жылдын жазында чакырылганын билдиришти. Учурда Аскер прокуратурасы бул факты боюнча териштирүүнү баштады.

Буга чейин 1-июнда Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүндө «куралды этиятсыздык менен колдонуудан» улам бир чек арачы каза болуп, экинчиси жарадар болгон. Жарадар болгон аскер Баткен облусттук ооруканасына оор абалда жеткирилген, бирок дарыгерлер анын жанын сактап кала алган жок — ал эки күндөн кийин көз жумган.