Талас: 18 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелгендердин бири өз жанын кыйды

Иллюстративдик сүрөт

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Жаңы-Жер айылында 18 жаштагы кыз киши колдуу болду. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, кыз ок атуучу куралдан каза тапкан.

Талас ОИИБинин маалымат катчысы Динара Сарногоева «Клоопко» кыздын сөөгү айылдын жолунда токтоп турган автоунаанын ичинен табылганын билдирди.

«Кыздын киши колдуу болуп өлгөндүгү тууралуу маалымат Кара-Буура РИИБнүн нɵɵмɵт бɵлүмүнɵ 4-июнда болжол менен саат 15:20 чамасында тез жардам кызматынан түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барган учурда маркум ок атуучу куралдан каза болгондугу белгилүү болгон. Маркумдун өздүгү аныкталып, ал Жаңы-Жер айылынын 2003-жылы туулган тургуну экендиги белгилүү болду», — деди ал.

Кара-Бууранын райондук милициясы «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Бул кылмышка Кара-Суу айылынын 19 жана 18 жаштагы тургундары шектелүүдө.

Ал эми милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн биринин үйүнө барып, бирок тургундун короодогу асынып турган сөөгүн тапкан. Учурда күч органдары экинчи шектүүнүн бул кылмышка канчалык деңгээлде катыштыгы бар экени текшерип жатат.

Кыргызстанда аялдарга карата кол салуу бул биринчи учур эмес. Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн биринде 28 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Аялдын өлүмүнө күйөөсү шектүү катары кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү аялын кызганычтан улам өлтүргөнүн айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖМК: Бишкекте 5-класстын окуучусу мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Бишкекте ди-джейди атып кеткен шектүү кармалды