Чүйдө 28 жаштагы аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелип кармалды

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн биринде 28 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Алдын ала маалыматтарга караганда аялдын өлүмүнө күйөөсү шектүү катары кармалган. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИБдин маалымат катчысы Нургүл Нусупова билдирди.

«Аял киши колдуу болгону тууралуу маалымат 17-майда кечки саат 23:20лар чамасында Сокулук РИИБине келип түшкөн. Жерине ыкчам иликтөө тобу барган учурда 1992-жылы туулган аялдын сөөгүн табышкан», — деди Нусупова.

Ал ошондой эле, кылмышка шектүү катары маркумдун 1982-жылы туулган күйөсү кармалганын кошумчалады. Тергөөнүн алдын ала маалыматтары боюнча уруш кызганычтан улам чыгып, аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факты КЖБРге «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Чүйдүн Панфилов районунда мас абалындагы киши аялын өлтүрүүгө аракет кылган. Анда 30-35 жаштардагы келинди күйөөсү тирүүлөй жерге көмүп жатканда 5-класстагы уулу байкап калып, кошуналарын жардамга чакырган.

Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси 2020-жылдын башында коомдо кызуу талкуу жараткан. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Ошондо өкмөт аялдар менен балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча ишти күчөтөөрүн билдирген. Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы 10 жылда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйгөн. Ошол эле учурда жубайына, түгөйүнө зомбулук көрсөткөндөр административдик гана жазага тартылып, аларга айып пул, эскертүү берилип же коомдук иштерге тартылат.

Кылмыш иштери орточо эсеп менен катталган учурлардын алты пайызына гана козголот.

Тема боюнча: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?