Бишкекте ди-джейди атып кеткен шектүү кармалды

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда табылган тапанча

Борбор калаанын «Чыгыш-5» кичи районунан 38 жаштагы ди-джейди атып кеткен шектүү Бишкектен кармалды. Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 39 жаштагы шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

25-февралга караган түнү «Чыгыш-5» кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде түнкү клубда ди-джей болуп иштеген адамды белгисиз тургун атып, окуя болгон жерден изин жашырган.

«Кактус» басылмасынын маалыматына ылайык, шектүү аялын кызгангандыктан ушундай кылмашка барган.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркумдун оң далысына жана көкүрөк тушуна ок тийип, жүрөгү токтоп калганын аныкталган.

Издөөнүн жыйынтыгында Бишкекте жашаган 1984-жылы туулган Л.В. шектүү катары кармалган.

Милиция тарабынан кармалган шектүү Л.В.

Анын жашаган жерин текшерген учурда ок атуучу куралдар табылган. Алардын арасында тиешелүү документтери жок 4.5 калибрдеги пневматикалык тапанча, ПМ 9 мм 3 даана ок, 9 мм октон 3 даана гильза, 9 мм 2 даана ок, ТОЗ-8. с38421 мылтыгы жана МЦ 2001-915179 куралдары бар.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине «адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин Нарын шаарынан 31 жаштагы кишини атып кетишкен. Ал жаракатынан улам ооруканага жетпей көз жумган. Маркум УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон кишини уюшкан кылмыштуу топтун башка бир мүчөсү өч алуу максатында атып кеткен.