Бабанов «Кумтөр» иши боюнча айыптарды «суу кечпеген жүйөө» деп атады

«Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча камакка алынган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМК ТИЗОсунан кат жазды. Бабанов жазган катында сотто ага тагылган айыптоолорго жооп берген.

Бабанов судья отурумга ЖМК өкүлдөрүн киргизбей, андан кийин жыйындын видеотасмасын техникалык себептерге таянып бербей койгонун билдирди.

«Соттук териштирүү түшүрүлгөн видеону да бергенден коркуп жатышат. Себеби, соттогу абсурддук кырдаалды видеожазуудан бардыгы көрө алышмак. Тергөөчү менен прокурор бир да суроого жооп бере албай башын жерге салып турушту. Анткени алар бир нерсени билишкен – мага коюлуп жаткан айып эч нерсеге жарабаган, акылга сыйбаган айыптоо. Мени жөн эле соттоп жатышат», — деп эсептейт Бабанов.

Саясатчы «Кумтөр» менен сүйлөшүп алган деп айыптап жатышканын айтып берип, бул айыптоолорду — «суу кечпеген, болбогон нерсе» деп атады.

«[Мени эмне үчүн соттоп жатышат?] Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеп, жерди элге кайтарып, Центерра менен катуу конфликтке барганым үчүн соттолуп жатамбы? Же башка да себептер барбы? Айыптоочу тарап мен премьер-министр кызматында турганымда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын убактылуу депутаттык комиссиянын отчетуна каршы добуш берүүгө “үндөгөн” деген суу кечпеген жүйөө келтирип жатат. Бул эмне деген былжырак кеп?» — деп айтылат саясатчынын катында.

Бул айыптоолорго Бабанов, ал премьерлик кызматта турганда депутаттар өз алдынча, парламенттен көз карандысыз болгон деп жазган. Ал ошол кезде өкмөттү өзүн кошуп отставкага кетиришкенин дагы эске салган.

«Керек болсо “Республика” фракциясындагы менин үзөңгүлөштөрүм да бир кылка эмес, өз көз караштарына жараша добуш беришкен. Арасында “макул” же “каршы” добуш бергендери да бар, добуш бербей койгондору да бар. Ушунун өзү керек болсо фракциядагы депутаттар да чечимди жеке өздөрү кабыл алган дегенди далилдеп турбайбы?!» — деп суроо салган саясатчы.

Ошондой эле ага карата өзү түзгөн «Кумтөрдүн» ишин иликтөөчү комиссиянын иштешине тоскоолдук жараткан деген айыптоону «акылга сыйбас» деп атаган.

«Дагы бир нерсе, 2016-жылы парламентке Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн өздөштүрүү тууралуу мыйзамды алып келишкенде жеке мен жана биздин фракция каршы добуш бергенбиз. Бул менин Центеррага системдүү түрдө каршы чыгып жүргөнүмдүн дагы бир далили. Мага 2012-жылдын акырына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк бербей коюшканы өтө өкүнүчтүү – биз Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн сөзсүз түрдө 70%га жеткирип, Кыргызстан өзү “Кумтөрдү” башкарып калмак», — деп жыйынтыктады Бабанов.

«Кумтөрдүн» айланасындагы ызы-чуу жана камоолор

Саясатчы Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Анда мамкомитет Бабанов «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде» кармалганын билдирген.

Саясатчынын адвокаты Амантур Абдрахманов Өмүрбек Бабанов өзүн «Кумтөр» иши боюнча күнөөлүү деп эсептебейт жана тергөө менен кызматташууга барбайт деп билдирген. Анын айтымында, экс-премьер протоколго дагы кайсы кылмышка шектеп жатканы түшүнүксүз экенин жазып берген.

«Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча Бабановдон сырткары экс-депутат Исхак Пирматов, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Талантбек Узакбаев кармалган.

«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр бир нече аптадан кийин башталган — бул 6-майда парламент депутаттары жеке компанияда сырткы мамлекеттик башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкандан кийин болгон.

Дагы бир апта өткөн соң, 12-майда «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия ишинин алдын-ала жыйынтыгын жарыялаган. Анда комиссия мүчөлөрү компаниядан 459 млрд сом же 4 млрд 252 млн доллар өндүрүп алууну сунушташкан.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Натыйжада бийлик «Кумтөр Голд Компаниге» тышкы башкаруучуну дайыдашкан. Ал Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон Канаданын жараны Теңгиз Бөлтүрүк болгон.

Мындай чечим канадалык компанияны — Centerra Gold Inc — канааттандырган эмес. Компания кыргыз өкмөтүн Арбитраждык сотко берерин билдирген. Centerra республика өкмөтүнүн иш-аракети тараптар ортосундагы кол коюлган келишимдерди бузат деп эсептейт. Ошол эле учурда, Канада компаниясы өкмөт аларга кайрылса «конструктивдик» диалогго даяр экенин билдирген.