Ибрагим Жунусовдун иниси Сарай айыл өкмөтүнө башчы болуп шайланды

Амир Жунусов. Сүрөт: «Турмуш»

Амирбек Жунусов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 5-июнда билдирди.

Сарай айыл өкмөт башчылыгына сегиз киши аттанган. Жунусовго айылдык кеңештин 31 депутатынын 16сы добушун берди. Ал Сарай айылдык кеңешинин депутаттарына ыраазычылык билдирип, алардын көрсөтмөлөрү менен иштеп жана «мурдагыдай болбойт» деп убада берди.

Буга чейинки Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Турганбаев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалган. УКМК Турганбаев Киров айылындагы 720 окуучуга ылайыкталган орто мектептин курулушунда жалпы суммасы 24 миллион сомдон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмүн ашыкча көрсөткөнүн билдирген.

Ошондой эле, Турганбаев жеке жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга бергени маалымдалган. Турганбаев 12-январда үй камагына чыгарылып, ээлеген кызматынан бошотулган.

Айыл өкмөттүн жаңы башчысы Амирбек Жунусов 30 жашта, ал Кара-Суудагы эң ири «Туратали» базарынын мурдагы директору Абдалим Жунусовдун уулу. Жунусов жана анын айдоочусу Санжарбек Жайлообаев 2005-жылдын 5-сентябрында ок атуучу куралдан киши колдуу болушкан.

Ички иштер министрлиги Абдалим Жунусов буюртма менен өлтүрүлгөнүн билдирген. Бул кылмышка шектүү үч киши кармалган, бирок алар ким экени ачыкталган эмес. Ошол кездеги ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Мелис Турганбаев буюртманы «мурдагы аткаминерлер» бергенин билдирген.

Ошондой эле, 2011-жылы бул кылмышка тиешеси бар төртүнчү шектүү кармалган — ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин «ишенимдүү адамы делген» Сапарали Аканов. 2015-жылы «Саясат» басылмасы ИИМдин маалыматына таянып, Аканов Жунусовду өлтүрүү боюнча соттолгонун жана ага карата мажбур психиатриялык дарылануу дайындалганын маалымдаган.

Ал эми Абдалим Жунусовдун бир тууган иниси композитор Ибрагим Жунусов — ал Кыргызстандын эл артисти. Ал мурда вице-премьер-министр, маданият жана туризм министри жана депутат болгон. Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеген, кийин 2018-жылы Өзбекстанга элчи болгон.

Ибрагим Жунусов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде үчүнчү болуп турган.