«Мекенчил» Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болду

Эрнисбек Ормоков. Сүрөт: Талгат Абжалил уулу/Azattyk

Өткөн жылдын декабрь айынан бери Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткарып келген Эрнисбек Ормоков калаага мэр болуп шайланды.

7-июндагы шайлоодо ал жалгыз талапкер болуп, сессияга катышкан 29 депутат бир добуштан аны колдоду. Калаанын мурдагы мэри Мураталы Тагаев болсо өткөн жылы октябрь окуяларында кызматтан кеткен.

Эрнисбек Ормоков — Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты болгон — депутаттыкка «Ата-Журт» партиясынан келген.

Ал эми 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан №14 катарда барган. Аталган партияны президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев негиздеген.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон ондогон киши ар кандай кызматтарга келди.

Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта кызмат алган «мекенчилдер»