Аткезчилик бар экенин журналисттерге ырастаган Самат Исабеков бажы кызматын жетектейт

Самат Исабеков

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Самат Исабеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 7-июнда кол койду.

Ошол эле күнү Исабековду бажы кызматынын жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров тааныштырды.

Самат Исабеков 1996-жылдан тарта бажы кызматында иштеп келет. Ошондой эле, ал 2012-2014-жылдары «Манас» аэропортунунун ички иликтөө бөлүмүн жетектеген.

Исабеков «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP жүргүзгөн «Көмүскө кербен. Миллиондогон долларларды Кыргызстандан кантип накталай чыгарышат?» деген иликтөөдө курьерлер аткезчилик аркылуу Кытайга акча ташып тургандыгын ырастаган.

(Иликтөө тууралуу бул жерден окуңуз)

Ал өлкөдөн миллиондорду чыгарууда бажы кызматы көз жумуп койгону үчүн сый акы алып тургандыгы тууралуу ачык айтып берген.

«Аэропортко келгенде сөзсүз жүктү өткөргөндө рентгенден көрүнөт да. Акча экени дароо билинчү. Үрүмчүгө учуп атканда баарын сөзсүз текшеришчү, акча кетерин билишет да. Ошон үчүн акча ташып жүргөн ири ишкерлер өздөрү эле алдын ала чыгып, “баланчасында, баланчанчы рейсте, баланча миллион салам” деп туруп, дароо ар бир миллион долларга 2 миң доллардан беришчү», — деп түшүндүргөн Исабеков.

Мамлекеттик бажы кызматын буга чейин Кадыржан Семетеев жетектеген. Ал бул кызматка 2020-жылдын октябрында, Кыргызстанда бийлик алмашканда дайындалган болчу. Семетеевди төргалыкка ошол учурдагы премьер-министр болуп турган Садыр Жапаров дайындаган. Ал эми ага чейин мекемени Элнура Мамбетжунушева башкараган.