Муфтият: Мечиттерде 11-июндан баштап жума намаз окулат

Өлкөдөгү бардык мечиттерде жума намаз 11-июндан баштап окула баштайт. Бул тууралуу «Клоопко» Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында жума намазга келген ар бир адамдын дене табы текшерилгенден кийин мечитке киргизилет.

«Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр Чүй облусуна киргизилген болчу. Мурда региондордо талаптарды сактоо менен гана мечитке жума намаз окууга уруксат берилип жаткан. Анда дагы аябай көзөмөлдөп жатканбыз. Азыр Чүйдө талаптарды сактоо менен гана уруксат берилип жатат. Өлкө аймагында азыр талаптар бирдей. Жумага келгендер үйүнөн жайнамазын, дааратын алып келет. Мечитке келген адамдар 15 мүнөттөн ашык мечиттин ичине турууга болбойт», — деди ал.

Ошондой эле, ал өлкөдөгү баардык мечиттердин ичи-тышы убагында дезинфекцияланып, мечитке бет капсыз кирүүгө жана 15 жашка чейинки балдар киргизилбей турганын кошумчалады.

Муфтияттын маалыматына ылайык, республиканын баардык мечиттеринде талаптар бирдей коюлган. Адамдардын ортосундагы 1,5 метр аралык так сакталып, мечиттин сыйымдуулугунун 50%ын гана түзүшү шарт. Ошондой эле коронавирус инфекциясынын белгилери байкалгандар мечитке келбей турушу керек.

Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 30-апрелден тарта Бишкектин мечиттеринде жума намазга жана дааватка чыгуу үчүн каттоо жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынган.

8-июнга карата коронавирус пандемиясынан Кыргызстанда 1859 адам каза болду. Вирус 107 714 кишиге жугуп, анын 101 033ү сакайды.