Бишкекте жума намазга убактылуу тыюу салынды — Муфтият

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 30-апрелден тарта эпидкырдаалга байланыштуу Бишкектин мечиттеринде жума намазга жана дааватка чыгуу үчүн каттоо жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынганын маалымдады.

Андан тышкары, мечиттерде ооз ачтырууга тыюу салган эреже күчүндө калды. Бул чаралар борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин уланат.

Муфтият кыргызстандыктарды санитардык талаптарды аткарууга жана коронавирустун кайсыл бир белгилерин байкагандарды мечитке убактылуу барбай турууга чакырды.

Буга чейин муфтият тийиштүү ыйгарым укуктары жок болгондуктан, кафе-ресторандарда ооз ачар иш-чараларын тыя албасын билдирген.

29-апрелде Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору бир айдан бери коронавирусту жуктургандардын саны азайбай жаткандыктан кошумча чектөөлөрдү киргизген.

Санэпидкөзөмөлдүн буйругуна ылайык, «эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин» шаардагы мечиттерде, чиркөөлөрдө жамаат менен кудайга сыйынуу, ибадат кылуу, чогулуштарды уюштуруу, ошондой эле өз аймагында тамак-аш даярдап, аз камсыздалган жарандарга азык таркатуу ишине чектөө салынды.

Бишкектеги эпидкырдаал

Бийлик коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну келе жатат деп бир нече жолу билдирген. Күн сайын медиктер COVID-19 жуктуруунун 200-300дөй учурун аныктап жатышат. Адатта оору жуктургандардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунан катталууда.

20-мартта Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бардык деңгээлдеги медициналык мекемелер COVID-19 дартына кабылган бейтаптардын санынын көбөйүшүнө даяр болушу керек деп билдирген

27-мартта Новиков Республикалык штабдын отурумунда азырынча өлкөдө чектөө чаралары көрүлбөй турганын, бирок коомдук жайларда коопсуздуктун санитардык нормалары күчөтүлөрүн кабарлаган.

Бишкек мэриясы жаш балдарды коргоо чараларын кабыл алган. Ага ылайык, 1-апрелден тартып Бишкектеги бардык соода борборлорундагы балдар аянтчалары эки жумага жабылып, ошондой эле балдар үчүн оюн-зоок жайлары ишин токтоткон.

6-апрелде Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардыктардан беткап тагынбаган адамдар көп чогулган жерлерди каттоого алып, мэриянын кызматкерлерине кабарлап турууну суранган. Ал муниципалитет чара көрөт деп убада берген.

6-апрелде өткөн брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Бишкек «кызыл» зонага киргенин билдирген. Ошондой эле, Бектурганов карантин киргизүү маселесин жергиликтүү штабдар жериндеги эпидкырдаалга байланыштуу чечишерин белгилеген.

Мындан тышкары, баш калаа мэриясы 20-апрелде Бишкекте эпидкырдаал курч болуп жаткандыктан 29-апрель Шаар күнүнө жана 9-май Жеңиш күнүнө карата массалык иш-чараларды өткөрбөөнү чечкен.

Ал эми 26-апрелде калаадагы эпидкырдаалга байланыштуу кийинки аптадан тартып кошумча стационарларды ачууну, баш калаада медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20 кишиден 25 адамга чейин көбөйтүп, ишке кошумча тез жардам унааларын да тартууну сунуштаган.