Ысык-Көл: Жол кырсыгынан үч адам каза болуп, дагы экөө ооруканага түштү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы — Кызыл-Суу — Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен үч киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык 8-июнда эртең мененки саат 4:30 катталган. ӨКМдин маалыматына караганда, BMW 525 жана «Ауди C4» үлгүсүндөгү унаа Жети-Өгүз районунун Дархан айылында кагышкан.

Окуя болгон жерге Каракол шаарынан төрт куткаруучу тартылган. Каза богондордон сырткары дагы эки киши ооруканага жеткирилген.

4-июнда Ысык-Көлдүн Ананьево айылында президент Садыр Жапаровду коштогон унаалардын бири кырсыкка учурап, өлкө башчынын дарыгери Илгиз Усубалиев каза болгон. Мындан сырткары кырсыктан үч адам жарадар болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, президенттин кортежин урган жеңил унаанын айдоочусу мас абалда болгон. Ал эми Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежесин бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.