Садыр Жапаровго Түркияда «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды

Президент Садыр Жапаровго Түркиянын Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамыыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаровго сыйлыкты Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигинин (СПТББ) президенти жана камкорчулар кеңешинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу тапшырды. Сыйлыкты салтанаттуу тапшыргандан кийин Жапаров университеттин сый-урматы үчүн ыраазычылыгын айтып, бул наам ага чоң сыймык экенин белгиледи.

Жапаров 9-июнда расмий иш сапары менен Түркияга барган. Аны Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортунан Түркиянынын маданият маалымат жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алган. Жапаровдун иш сапары 11-июнга чейин уланат.

Жапаров жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 9-июнда жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча чогуу билдирүү жасашкан. Анда Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө 10 жыл болгону, террористтик уюмдарга каршы туруштук берүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Анда түрк президенти айрыкча ФЕТО* уюмуна басым жасаган. Бирок Жапаров басма сөз жыйында «Гүлендин кыймылы» тууралуу комментарий берген эмес.

Мындан сырткары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы авиакаттамдардын санын көбөйтүү тууралуу сөз болгон.

ТЕМА БОЮНЧА: ФЕТО, кыргыз-тажик чек арасы, авиакаттамдар. Жапаровдун Түркияга болгон сапары

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркияга барды