COVID-19: Акыркы суткада 9 бейтап каза болуп, жаңы 558 учуру катталды

Кыргызстанда 13-июнда коронавирус жуктуруунун 558 учуру катталып, тогуз адам каза болду. Алардын бешөө Бишкек шаарынын, экөө Чүй облусунун, дагы экөө Ысык-Көл облусунун тургундары. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

  • Бишкек шаарында — 231;
  • Ош облусунда — 78;
  • Ош шаарында — 77;
  • Чүй облусунда — 57;
  • Жалал-Абад облусунда — 55;
  • Баткен облусунда — 23;
  • Ысык-Көл облусунда — 15;
  • Нарын облусунда — 13;
  • Талас облусунда - 9. 

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 110 370ке жетти. Алардын ичинен 102 633 адам ооруканадан айыгып чыкты. Ал эми пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 1890 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 1976 бейтап дарыланууда, 579 адамдын абалы оор, 85 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда. Дагы 2820 киши үй шартында дарыланууда.

Бишкек шаарында сутка ичинде тогуз медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Пандемия башталганы коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4886 ге жетти, анын ичинен 4674 медкызматкер илдеттен айыкты.

ТЕМА БОЮНЧА:

График. Борбор Азияда эмдөө кандай жүрүп жатканын билгиңиз келеби?

Коронавирус: Кыргызстанга кирүүнүн эрежелери өзгөрдү

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.