Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт — ТИМ

Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президенттинТүркияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Түрк бийлигинин Кыргызстанга гранттык негизде жардам берүү ниети бар.

«Түркия жана Кыргызстан стратегиялык өнөктөш жана тарыхы, салты, тили тектеш, боордош мамлекет», – деди Казакбаев.

9-июнда Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркияга барган. Ал иш сапарында Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышып, «аскердик чөйрө менен коопсуздук боюнча өнөктөштүк» эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарынын бири экенин белгилеген.

Ошондой эле, 2-майда түрк бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан зыян тарткан Баткен облусунун тургундарына медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров Түркияда аскерий чөйрө жаатында өнөктөштүктү улантуу маанилүү болгонун белгиледи

ТИМ: Түркия Баткенди калыбына келтирүүдө жардам берүүгө даяр

Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары коронавирустан улам жылдырылды — 2022-жылы өтөт