Тизме: Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоого катышууну каалаган партиялар аныкталды

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине кайрадан шайлоого талапкерлерди каттоону көрсөтүү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы 14-июнда шайлоого катышууга ниеттенген партиялардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, Бишкек шаардык кеңешине 11-апрелдеги шайлоого катышкандардан «Ата-Журт Кыргызстан», «Эмгек», «Реформа», «Биздин Эл», «Замандаш», «Ынтымак», «Социал-демократтар», «Ишеним», «Улуу-Журт» жана «Кыргызстандын жашылдар партиясы» кайрадан катышуу ниетин билдирди.

Андан сырткары «Күч бирдикте», «Жаңы-мезгил», «Борбор», «Туран», «Биздин Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Келечек-Будущее» партиялары шайлоого катышууну көздөп жатат.

Ал эми Ош шаардык кеңешине шайлоого «Ынтымак», «Улуу-Журт», «Бир бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» партиялары кайрадан катышууга ниетин билдирди.

Ошондой эле депутаттык мандат үчүн «Биздин Кыргызстан», «Келечек-Будущее» жана «Нур» партиялары ат салышууну каалап жатат.

Токмокто болсо шайлоого кайрадан «Эл биримдиги», «Бирге-Вместе», «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Эмгек» партиялары катышууга ниеттенди. Мындан сырткары шайлоого «Патриот ынтымагы», «Асыл Мурас жаштары» партиялары катышууну көздөөдө.

Жалпысынан кайра шайлоого катышууга 25 партия ниетин билдирди. Анын ичинде «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы үч шаарда тең катышууну көздөп жатат. Буга чейин Ош шаардык кеңешине шайлоого катышкан партиялар аталган партияны админресурс колдонууга жана добуш сатып алууга айыптаган.

Ошондой эле партиянын курамынын 42% пайызы мамкызматкерлерден турган.

Шайлоонун жокко чыгарылышы

Бишкек, Токмок жана Ош шаардык кеңештерине депутаттарды кайрадан шайлоо 11-июлга дайындалган. Анткени БШК буга чейин бул шаардык кеңештерге 11-апрелде өткөн шайлоону жокко чыгарган.

Мындай чечимге аталган шаарлардагы участкаларда шайлоочуларды жапырт каттоо, добуш сатып алуу сыяктуу, админресурстун колдонулушу жана мыйзам бузуулар массалык мүнөзгө ээ болгону себеп болгон.

Ошол эле учурда депуттарды шайлоо менен бирге өткөн Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгы жокко чыккан эмес.

Мындан сырткары БШК мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепчи болгон талапкерлерди кайрадан шайлоого катыштырбоону сунушташкан.

Жокко чыгарылган шайлоонуну жыйынтыгында Бишкекте «Эмгек», «Ак-Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин Эл» партиялары 7%дык босогодон өткөн.

Ал эми Ошто «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Ыйман нуру» партиясы алдыга чыккан. Токмокто болсо «Эмгек», «Бирге», «Эл биримдиги» жана «Республика» партиялары шайлоодон утуп чыгышкан эле.