Нарында оор жүк ташуучу унаа жардан оодарылып, эки киши каза тапты

Сүрөт: ӨКМ

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда 18-июнда оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык аталган жолдун Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында, Куваку ашуусунда орун алган. Анда MAN оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

Унаа жардан кулап, кырсыктын кесепетинен эки эркек киши жеринде мерт кеткен. Жерине төрт кууткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Өлкөдө адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары дээрлик күн сайын катталып жатат — ушуну менен ЖМКда чыккан маалыматтарга ылайык июнь айынын өзүндө эле 20 киши каза болду.

Президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырган.

Ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырган.

Мындай билдирүүнү ал өзүнүн кортежи да Ысык-Көлдө жол кырсыгына учурап, жеке дарыгери каза болгондон кийин жасаган.