Иранга түз каттам ачылды, Грузияга азырынча ачыла элек — «Манас» аэропорту

Пандемияга байланыштуу узак тыныгуудан кийин Кыргызстандан Иранга түз авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Ирандык Varesh Airlines авиакомпаниясы бул каттамды 1 айда 1 жолу жүргүзмөкчү. Учуу убактысы 2, 5 саат», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Аэропорттун төргасы Бакыт Шаршеев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен дагы жолугушту. Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, алар туризмдин келечеги, анын ичинде Украина менен Кыргызстандын ортосунда жаңы авиакаттамдарды ачуу маселесин талкуулашты.

Андан тышкары, Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүктүрүү министрлиги 18-июнда Air Manas авиакомпаниясы алгачкы жолу «Бишкек–Батуми–Бишкек» багыты боюнча туруктуу каттамды ишке киргизгенин билдирген болчу.

Ал эми авиакомпания өзү Батумиге түз каттам ачылганы тууралуу маалымат жарыялай элек. «Манас» аэропортунан болсо Грузияга азырынча каттам жоктугун айтышты.

Буга чейин Орусия, Казакстан, Өзбекстандын шаарларына, БАЭ жана Түркияга гана түз учууга мүмкүн болчу.

Кыргызстан жана авиакаттамдар

Республиканын дүйнө жүзү менен болгон авикаттамдары 2020-жылы коронавирустан улам толугу менен токтотулган — чыгарып кетүү рейстери менен гуманитардык жүктөрдү жеткирүү токтогон эмес.

Бир нече айдан кийин айрым өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан чек араларын ача баштаган. Бишкек менен каттамын биринчилерден болуп Түркия, Казакстан жана Орусия жандандырган. Туруктуу каттамдардын саны чектелүү болгондуктан билеттин баалары өсүп кеткен, бирок кийинчерээк жаңы багыттар ачылып, баалар бир аз төмөндөгөн.

2020-жылдын декабрь айынан баштап өкмөт COVID-19га карата тапшырган ПЧР-тесттеринин жыйынтыгы терс болгон бардык чет элдик жарандарга жана жарандыгы жокторго мамлекеттик аэропорттор аркылуу Кыргызстанга кирүүгө уруксат берген. 2021-жылдын март айынын аягында «Манас» аэропорту беш өлкө Кыргызстанга туруктуу каттамдарынын санын көбөйткөнүн кабарлаган.

2021-жылдын апрелинде «Тамчы» аэропортунан Орусияга дагы сегиз жаңы багыт ачылганы, ал эми июндун башында Кувейтке каттам ишке киргени белгилүү болгон.