Бишкек: Коронавируска кабылгандардын көбү жаштар, инфекциялык ооруканада орун калбай калды

Бишкекте COVID-19 дартына байланыштуу ооруканага кайрылгандар менен жаткырылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу 22-июнда Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, оорукана ашыкча толгон, айрыкча, өткөн жылдагы кырдаалга караганда учурда жаштар көп түшүп жатат, балдардын арасында ооруканага жаткандардардын саны өсүүдө.

Башкы дарыгер билдиргендей, аны «ПЧР-тести оң жыйынтык көрсөткөн, оор жана орто оор формадагы пневмония менен ооруган балдар түшүп жатканы» кабатыр кылууда.

«Кечээ 16 жашка чейинки 4 бала жеткирилди. ПЧР-тест менен алардан коронавирус аныкталды, пневмония да бар. Алардын абалы орто оор жана оор. Өткөн жылы 20-30 жаштагы бейтаптар оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн учур болгон эмес. Бул жылы коронавирус "жашарып" баратканын көрүп жатабыз», — деди дарыгер.

Аалиев учурда бул оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 15 бейтап бар болсо, 111 бейтап концентратордун жардамын алып жатканын кошумчалады.

«Көпчүлүк өз алдынча дарыланууда. Үй-бүлөлөр келип жатат. Алардан сурасак, ар кандай иш-чараларга барганын айтышат. Менимче былтыркыдай абал болбойт. Анткени биздин дарыгерлер, медицина кызматкерлери окуудан өтүп, даярдык көрүштү», — деп кошумчалады Аалиев.

Саламаттык сактоо министрлигинин 22-июндун таңына карата берген маалыматына ылайык, Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында коронавирус жуктургандарды кабыл алуу үчүн орундар калбай калган. Аталган оорукана коронавирусту дарылаган эң башкы медициналык мекеме, ал 400гө жакын бейтапты кабыл ала алат.

Ведомстводон билдиришкендей, 22-июнга карата ооруканаларда 212 койка-орун бар, алардын ичинен 80 даанасы — Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында жайгашкан.

61 орун Чүй облусттук бириктирилген ооруканасында, 20 — №1 шаардык клиникалык ооруканада. Башка медициналык мекемелерде саналуу гана койка-орундар бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды — ССМ

Кыргызстанда 100 миң адамдын 500ү коронавирустан өлүшү мүмкүндүгү божомолдонду