Сот Өмүрбек Бабановду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке какты

Бишкек шаардык соту 22-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын жабык карап үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке какты. Бабанов 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды.

Бабановдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчкө Жогорку Кеңештин 74 депутатты колдоп кол коюп беришкен. Мындан улам

Бабановдун адвокаттары саясатчыны үй камагына чыгаруу тууралуу арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Жабык сот отурумуна саясатчынын аялы менен уулу гана бир катар тоскоолдуктардан кийин киргизилген.

Соттун имаратынын алдына Бабановдун 100дөгөн тарапташы чогулуп, «Бошот!», «Бабановго ишенем», «Сот көзүңдү ач!» жана башка транспоранттарды көтөрүп алып, «Үй камагына чыксын!», «Боштондук!», «Адилет сот!», «Ачык сот» деген ураандарды кыйкырышкан. Алар соттон кийин эски аянтты көздөй жөө жүрүш жасашты.

Бабановдун кармалышы

Өмүрбек Бабанов үстүбүздөгү жылдын 31-майында «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Анда атайын кызмат Бабанов «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде» кармалганын билдирген.

Ал эми Абдрахманов Өмүрбек Бабанов өзүн «Кумтөр» иши боюнча күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын жана тергөө менен кызматташууга барбай тургандыгын айткан. Анын айтымында, экс-премьер протоколго дагы кайсы кылмышка шектеп жатканы түшүнүксүз экенин жазып берген.

7-июнда Бабанов УКМК ТИЗОсунан кат жазган. Анда ага тагылган айыпты «абсурд деп атап», айып таккан тарап «суу кечпеген жүйөө келтирип жатат» деп жазган.

Андан сырткары, саясатчы судья отурумга ЖМК өкүлдөрүн киргизбей, андан кийин жыйындын видеотасмасын техникалык себептерге таянып бербей койгонуна нааразы болгон. Бабанов сот процессине журналисттер киргизилиши керектигин айткан.