Садык Шер-Нияз Францияга, Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болду

Президент Садыр Жапаров 24-июнда Кыргызстандын чет мамлекеттердеги эки элчисин дайындады.

Ага ылайык, экс-депутат жана режиссёр Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ошондой эле ал ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын туруктуу өкүлү болду.

Ал эми Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Садык Шер-Нияз деген ким?

Садык Шер-Нияз коомдук ишмер жана кинорежиссёр катары белгилүү. Ал парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты дагы болгон. Мындан тышкары, ал 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн.

Бирок президенттик шайлоого чейин, 30-ноябрда дагы бир талапкер Садыр Жапаровдун пайдасы үчүн жарыштан четтеп кеткен. Анын айтымында, мындай чечимди Садыр Жапаров менен бетме-бет жолуккандан кийин кабыл алган. Шер-Нияз Жапаров экөөнүн идеялары көп жагынан окшош экенин жана «элдин көпчүлүк бөлүгү Садыр Жапаровду лидер катары тааныганын» билдирген.

Кайрат Осмоналиев деген ким?

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи. 2016-жылдан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп келген.

Тема боюнча: Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров менен соодалашуу болгонун моюндады