Ысык-Көл: Сөөк ашуусундагы жол кырсыгынан чек арачы каза болду

Ысык-Көл облусунун чек арачылары 23-июнда Сөөк ашуусунда жол кырсыгына кабылды. Айдоочу рулду башкара албагандыктан бир аскер каза таап, эки чек арачы ар кандай жаракаттарды алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, үч аскер жүк ташуучу автоунаа менен жүк алып баратканда автоунаа капталга оодарылып кеткен.

Учурда окуя боюнча тиешелүү органдарга кабар берилип, окуянын чоо-жайы иликтенип баштады.

Адам өмүрү кыйылган жол кырсыктары

Ушуну менен расмий маалымат боюнча июнь айында жол кырсыгынан 20га чукул киши каза тапкан.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 21-июнда «Тойота-Хайланер» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып кеткен. Натыйжада бир киши каза таап, сегиз киши ооруканага жеткирилген.

Андан мурда Ысык-Көлдөгү Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа оодарылып, эки киши мерт кеткен. Бир киши жаракат алып анын абалы оор деп бааланган.

Ал эми 13-июнга караган түнү Ош — Баткен жолунда жеңил унаалар кагылышып, алты киши каза тапкан — анын төртөөсү жаш бала, дагы алты киши жаракат алып ооруканага түшкөн.

12-июнда болсо Бишкек — Ош жолунун 497-чакырымында «Мерседец-Бенц» оор жүк ташуучу унаасы менен «Хонда Одиссей» унаасы кагылышып, кесепетинен алты адам жеринде мерт кеткен.

Бул күнү дагы бир кырсык катталган — Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылындагы жол четинде токтоп турган «Фольксваген-Пассат» жеңил унаасын «Мерседец-Бенц» оор жүк ташуучу унаасы артынан сүзгөн. Анда айдоочу рулду башкара албай калган.

Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 33 жаштагы аял 4 жана 1 жаштагы кыздары менен жеринде каза тапкан. Анын 6 жаштагы баласы ооруканага жеткирилген.

Ал эми 4-июнь күнү Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы жолдо Садыр Жапаровду коштогон унаалардын бири аварияга учураган. Анда президенттин дарыгери каза таап, үч адам жабыркаган. Жапаров өзү башка унаада болуп, жабыркаган эмес.

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырды.

Ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.