Кыргызстандын жаңы муфтийи болуп Замир Ракиев шайланды

Кыргызстандын Аалымдар кеңеши 26-июнь күнү өлкө муфтийин шайлады. Бул кызматка борбор калаанын мурдагы казысы Замир Ракиев келди.

Сүрөт: Kaktus.Media.

Иш чара 220 делегат жана чакырылган меймандардын катышуусунда Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Аталган орунга жалпы тогуз адам талапкерлигин койгон. Буга чейин ал кызматты муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыев аркалап жаткан.

Андан тышкары, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо өтүп, Кеңештин жаңы төрагасы болуп Көчкөнбай Садиллаев дайындалды. Ал 2003-2006-жылдары муфтийдин орун басары болуп иштеген. Аалымдар кеңешинин беш жолку чакырылышынын ардактуу мүчөсү.

Сүрөт: Sputnik.kg.

Ошондой эле, 26-июнда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Борбордук ревизиялык комиссиясынын төрагасы да шайланды. Бул орунга Бактыбек Нурдинов келди.

Ракиев деген ким?

Замир Ракиев Нарын облусунан болот, Бишкектин медресесинде, Египетте даярдык ийримдеринде, Ислам институтунда жана Каирдеги Ислам университетинде билим алган. Бишкектин гуманитардык универститетинде (БГУ) «Чыгыш таануу» адистиги боюнча магистратураны аяктаганы белгилүү.

Аламүдүн районундагы медресенин директору жана устазы болуп иштеген. Кийин Нарын облусунун казысы, Кыргызстандын муфтийинин орун басары болуп иштеген. 2020-жылдын 10-августунда Ракиев Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган.

2018-жылы Ракиев муфтийдин орун басары болуп турганда мектептерде дин таануу сабагын окутуу керек деп айтканы бар.

Муфтияттагы финансылык махинациялар

10-февралда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерине «пара берип» жатканда кармалган.

УКМКнын маалыматына ылайык, дин башкармалыгында мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин муфтияттын жетекчилиги бухгалтер аркылуу атайын кызматтын өкүлдөрүнө 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө «пара» сунуштап, бухгалтер ошол учурда кармалган.

Аталган факт «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң Токтомушев муфтийликтен кетүү үчүн арызын жазган.

Ошол эле күнү кечинде УКМК Токтомушевди «муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларга катыштыгы бар» деп кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизгени белгилүү болгон.

Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Токтомушевдин тарапташтары соцтармактарда нараазычылыгын билдиришкен. Ал эми 11-февралда экс-муфтийдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгып, Токтомушевди үй-камагына чыгарууну талап кылышкан.

Эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту мурдагы муфтийди жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарган.

Ал эми 14-февраль күнү Токтомушев видеокайрылуу жасап, «аны чет өлкөгө качып кетти» деген маалыматтарды таратпоого жана «президент Садыр Жапаровдун саясатын колдоого» чакырган.