Президент Садыр Жапаров Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду

Президент Садыр Жапаров 29-июнда Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.

Сомонинин эстелиги Дүйшөмбү шаарынын «Дусти» аянтында орнотулган. Тажикстан улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1 100 жылдыгына карата ачылган.

Бул Жапаровдун президент катары жана адам өмүрүн алган куралдуу жаңжалдан кийинки Тажикстанга болгон биринчи сапары. Буга чейин кыргыз президенти расмий сапары менен Түркмөнстанда болгон.

Тажикстандын аскерий агрессиясы

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасына чектеш Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында эки өлкөнүн ортосунда жаңжал башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаган.

Тажикстандын бийлиги жаңжалда 87 киши жарадар болгонун, анын 19 каза тапканын билдирген. Көз жумгандардын дээрлик жарымы аскер кызматкерлери.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Ал эми Тажикстандын Башкы прокуратурасы кыргыз аскерлерине каршы кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон компенсация төлөнө турганын билдирген. Ошондой эле, өрттөнгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак-жайлар салынарын айткан.

Кыргыз бийлиги чек арадагы жаңжалда бузулган айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.