Жапаров Рахмон менен жолугушууда келечекте куралдуу кагылышууга жол берилбеши керектигин айтты

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда Баткен облусундагы куралдуу жаңжалга байланыштуу темага токтолгонун билдирди.

«Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен», — деди Жапаров.

Ал чек ара чыры эки өлкө үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын кошумчалады. Аны менен бирге Жапаров тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табаарына ишенээрин айтты.

«Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, Сиздер [Эмомали Рахмон] менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз», — деди өлкө башчысы.

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы Рахмондун чек ара чыры боюнча комментарийин бере элек. Коңшу өлкөнүн башчысынын сайтында Жапаров Дүйшөмбүгө келгенден кийин президенттер бейформал жолугушканы гана айтылат.

Чек ара чыры

Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы чек ара аймагындагы чыр 2021-жылдын апрель айынын аягында чыккан. Куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза тапкан, дагы 154 адам ар кандай деңгээлде жарадар болгон.

Мындан тышкары, чек арага жакын аймактардан 40 миңден ашуун жаран коопсуз жайга көчүрүлгөн болчу.

Коңшу мамлекеттин бийлигинин маалыматы боюнча, куралдуу жаңжал учурунда 19 адам каза таап, 87 тажикстандык жарадар болгон.

Тараптардын ок атууну толугу менен токтотуу келишими кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин 1-майда жетишилген. Ал эми 3-майда тараптар кошумча күч жана каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан дайыма турган жайларына алып кетүүнү иштерин аякташкан.

Тема боюнча:

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик