Аксыда каза тапкан 6 адам метил спиртине ууланганы аныкталды. Иш сотко өттү

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айылында 6 кишинин өмүрүн алган отуруш боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу «Клоопко» ОИИБдин башчысы Шеркул Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, 4-мартта уулануудан кийин 19 адамды чакырып чай берген Бурулкан Эргешованын үстүнөн «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» жана «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Анын алкагында шектүү 48 саатка камакка алынып, тергөө соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Ал эми экспертиза отурушка келгендер метил спиртинен ууланганын көрсөткөн.

Мындан улам РИИБдин кызматкерлери тергөөнү аяктап, ишти аталган беренелер менен Аксы райондук сотунун кароосуна жиберген.

«Талапкердин чай берүүсү»

Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Кара-Суу айылынын тургуну, экс-депутат Алмазбек Эргешовдун эжеси Бурулкан Эргешова 19 адамды чакырып 23-февраль жана 8-мартка карата майрамдык кылып берген. Ошол күндүн кечинде 6 киши уулануу белгилери менен Аксы аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

4-мартта 6 адамдын баары каза болуп калган. Анда жергиликтүүлөрдүн бири аларды чайга жергиликтүү кеңешке талапкер болгон аял чакырганын айткан. Эргешова жергиликтүү кеңешке талапкерлигин тастыктап, бирок чай берүү шайлоого байланыштуу эмес деп айткан.

Аталган айылдын бийлиги 2017-жылы арак сатууга тыюу салган. Мындан улам Эргешова өзүнүн дарыканасынан спирт алып келип, сууга аралаштырып бергени айтылган.

«Күйөөм эртең менен тура албай жыгылып калды. “Башым ооруп, көзүм көрбөй атат” деди. Кайра-кайра жыгыла берди. Анан ооруканага алып барсам асма укол берди, анда да “көзүм көрбөй жатат” деди [...] Озунан да кан чыкты, көздөрү көгөрүп, денеси карайып кетти. Андан мурун өлгөндөрү дагы спирттен өлүп жатпайбы. Ушул спиртти бербесе өлбөйт болчу», — деген анда маркумдардын биринин жубайы.

Эргешова спиртти сууга аралаштырганын ал отуруш өткөргөн тамактануучу жайдын ээси да тастыктаган.

Анда Эргешова «конокко тургундарды атынан атап чакырбаганын» жана «мындай болуп калат деп ойлобогонун» айткан.

Аксыдагы уулануу: Чайды экс-депутат Алмаз Эргешовдун эжеси уюштурганы белгилүү болду