Инандынын уурдалышына депутат Атазовдун тиешеси бар болушу мүмкүн — Таалайгүл Токтакунова


Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалган «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова коргоп жаткан адамынын уурдалышына Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун тиешеси бар болушу мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу ал Башкы прокуратурага жазган арызында айткан.

Токтакунованын айтымында, алар уурдоо болгон күнү Орхан Инандынын унаасындагы видеорегистраторго тартылып калган адамдар кимдер экенин аныктай алышкан.

Видеорегистратордон алынган сүрөт

«Алардын бири төшүндө жазуусу бар, кызгылт сары, дененин өңүндөй түстөгү футболкачан киши Арсен Айылчиев экени аныкталды. Дагы бир кишинин аты, биздин маалымат боюнча, Асылбек деген адам», — деди ал.

Анын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 29-апрелинде Арсен Айылчиев соцтүйүнгө адамдардын тобу менен дасторкондо олтурган сүрөтүн жарыялаган. Сүрөттө ал Орхан Инандынын артынан аңдып жүргөндө кийип жүргөн футболкасын кийип түшкөн. Ал эми жанында депутат Шайлообек Атазов отурат.

Арсен Айылчиевдин барагынан алынган скриншот 

«Бизде эл өкүлүнүн Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар болушу мүмкүн деген өтө эле негиздүү шектер жаралды, себеп дегенде ал бир нече күн мурда Түркияда “Жибек Жолундагы жылдын алтын адамдары” сыйлыгынын 17-мааракесинде ал “Жылдын депутаты” деген наам менен сыйланган», — деп жазган Токтакунова.

Депутат өзү Токтакунованын билдирүүсүнө эч кандай жооп айта элек.

Шайлообек Атазов деген ким?

Шайлообек Атазов парламентке 2021-жылдын март айында гана депутат болуп келген. Бирок бир катар жаңжалдар жана кызыктуу пикири менен элге танылганга үлгүргөн.

Андан тышкары, Атазов бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташы катары белгилүү. Ал 19-февралда Матраимовду коргоо боюнча митингде сөз сүйлөгөн.

Атазов 28-июнда фейсбук барагында кесиптеши Айбек Осмонов экөө Түркияда «Жылдын алтын адамдары» сыйлыгын алышканын жазган. Атазовдун айтымында, «Жылдын алтын адамдары» сыйлыгынын 17-мааракесинде алар «Жылдын депутаты» наамын алышкан.

Эл өкүлүнүн айтымында, иш-чараны Дипломатия жана экономикалык өнүгүү боюнча Жибек Жолу уюму, профессор Сейфуллах Түрксойдун баштоосу менен Стамбулда өткөргөн.

«Кийинки сапарыбыз Анкара шаарында депутаттар менен уланат. Мамлекетибизге ийгиликтүү инвесторлорду тартканга сүйлөшүүлөр болуп жатат. Аруу ниет тилектерди кылып, аракет кылсак, баары жакшы болот», — деп жазган Атазов.

Ошол эле учурда Атазов менен Осмоновдун парламентке келип иштеп баштаганына үч айдын жүзү гана болду, бул убакыт аралыгында алар кызыктай болгон жорук жана демилгелери менен эсте калган.

дал ушул эки депутат 5-июлда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин ишин сынга алышкан. Атазов Өмүралиев 2019-жылдан бери Түркияда элчи экенин, бирок бүгүнкү күнгө чейин түрк тилин үйрөнбөгөнүн жана өлкөгө эч кандай инвестиция тартпаганын билдирген.

Тема боюнча:

Депутат Атазов жыйын учурунда депутат Айсулуу Мамашовага атырылды