«Өлтүрөм деп коркуткан». Кеминде өспүрүм кыз жездеси зордуктап жүргөнүн айтып чыкты

Чүй облусундагы Кемин районунун 16 жаштагы тургуну аны жездеси эки жылдан бери «зордуктап жүргөнүн» билдирди. Ал атасы менен чогуу Кемин РИИБге барып арыз жазганы менен шектүү суракка алынган соң коё берилген. Милициядан анын күнөөсү далилденмейинче аны камоо мүмкүн эмес дешти.

Кыздын окуясын адвокат Шердор Абдыкапаров фейсбук баракчасында бөлүшүп, кызды аны жездеси 14 жашында зордуктаганын айтып берген. Ошондой эле өспүрүмдүн айтымында, шектүү аны «өлтүрөм» деп коркутуп жүргөн.

«Урушуп, коркутуп, кол салчу. Мен эч кимге айта алган эмесмин. “Муунтуп өлтүрүп салам, атаңды өлтүрөм” дегенинен коркуп, айткандан да уялчумун. Эки жыл зордуктады, кийин чыдабай айттым», — деп билдирди жабырлануучу.

Кыздын атасы аны эжесиникине жардам берүү үчүн жибергенин айтат. Атанын айтымында, эки жума өтпөй, 62 жаштагы жездеси кызына тийишип, үйдө эч ким жок кезде жылаңачтанып басып, кызга «жыныстык мүчөсүн» кармалоону сунуштаган.

«Эжем түндө дарынын таасири менен уктап калып, үйүндө эмне болуп жатканын укпай калганда, жездем кызымдын оозун жаап зордуктаптыр. Кызым зордукталган сайын эс-учун жоготуп койчу экен», — деп белгиледи жабырлануучунун атасы.

Кыз ата-энесине бир нече жолу жездеси анын колу-бутун, төшүн кармалап жатканын айтып арызданган. Бирок кыздын атасы, жездеси кичинекей кызды жөн гана жакшы көңүл буруп, багып жатса керек деп ойлогонун белгиледи. Себеби жездеси кыздын чоң атасынын курагында болгон.

«Бизге айтып бергенден кийин, кызым кан тамырын кесип өз жанын кыюуга аракет кылган. Биз аны убагында токтотуп, тынчтандырдык, андан кийин текшерүү үчүн клиникага алып бардык. Тилекке каршы, бардыгы (зордукталганы) чын болуп чыкты», — дейт кыздын атасы.

Жабырлануучунун жактоочусу Абдыкапаровдун айтымында, алар бардык далилдерди Кемин РИИБдин тергөөчүсүнө алып барганына карабастан, алар шектүүнү бошотуп жиберишкен.

Учурда жабырлануучунун ата-энеси Чүй облустук ички иштер башкармалыгына барып, Кемин РИИБдин тергөөчүсүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө өтүнмө менен кайрылган.

«Экспертизанын жыйынтыгы менен гана баа берилет»

Чүй ОИИБдин басма сөз катчысы Назира Имангазиева «Клоопко» аталган окуя «Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси боюнча катталып, шектүү Кемин райондук ИИБине сурак бергенин билдирди.

«Шектүүнү сурактан соң коё берүү боюнча айта турган болсом, кызды дагы сураш керек. Толук кандуу иш-амалдар жүргүзүлгөндөн кийин гана юридикалык баа берилет. Бизге азыр жактоочу гана арыз жазган. Негизи бир топ адам суракка алынып, экспертизанын жыйынтыгы менен гана баа берилет», — деди ал.

Имангазиева учурда милиция кызматкерлери иштин бардык жагдайларын тактоо максатында зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Ал эми Кемин райондук РИИБиден адвокаттын «милиция кызматкерлеринин аракетсиздиги жөнүндө» билдирүүсү чындыкка дал келбейт деп билдиришти

«Зордуктоо тууралуу арыз жазган адвокат тергөөчүнүн чакыруусунан качып жатат. Ал мындай кадамын, тергөөчүгө ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу өтүнмө жазганы менен түшүндүрдү. Ошондой эле иштин материалдарын Чүй облусттук ИИБге өткөрүп берүүгө аракет кыларын айтып жатат», — деп жазылат райондук милиянын маалыматында.

Буга чейин 30-июнда Акыйкатчы аппаратынан Талас районундагы Орто-Арык айылынын 50 жаштагы тургуну 16 жаштагы өгөй кызын «үч жылдан бери зордуктап жүргөнүн» айтып, ал издөөгө алынганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Таласта 13 жашар өгөй кызын үч жылдан бери зордуктап жүргөнгө шектелген киши изделүүдө

Чаткал: Үч киши «зордуктап жүргөнүн» билдирген 20 жаштагы бала тосмо арыз жазды

Чаткал: 20 жаштагы бала аны үч киши зордуктап жүргөнүн айтып милицияга кайрылды