Чаткал: Үч киши «зордуктап жүргөнүн» билдирген 20 жаштагы бала тосмо арыз жазды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда үч киши «зордуктап жүргөнүн» билдирген 20 жаштагы тургун милицияга тосмо арыз жазды. Анткен менен Жалал-Абад ОИИБден аталган факт боюнча тергөө амалдары улантылаарын билдиришти. Милиция муну оор кылмыштардын катарына киргендиги менен түшүндүрдү.

Буга чейин 26-январда жабырлануучу ага карата зомбулук 2011-жылы башталганын белгилеп, эки бөлөсү тарабынан бир жарым жыл зордукталганын айтып милицияга арыз жазган.

Мындан сырткары башка бир киши тарабынан 2015-жылдын март айынан бери 2021-жылдын 15-январына чейин күч колдонулуп зордукталганын кабарлаган. Мындан сырткары, жабырлануучу төрт жылдай аны кошунасынын баласы кордогонун айткан.

Ал «корккондуктан» көп убакыт бою айта албай жүргөнүн белгилеп, кордолгону боюнча туугандары билгенден кийин гана даттанууну чечкенин кошумчалаган.

Аталган факт «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Ошондой эле, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жашы жете электерге карата жасалган сексуалдык зомбулук учурлары

Кыргызстанда жашы жете элек балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулук учурлары жылда катталат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын алгачкы 4 айында эле Кыргызстанда 24 жашы жете элек балага сексуалдык зомбулук жасалган.

Ошондой эле, ведомствонун маалыматына караганда, 2018-жылдын аягы, 2019-жылдын башында жүргөн эки айлык үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгында балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган 55 факты катталган. Балдар өздөрү эч жакта каттоого алынган эмес. Ушул 55 фактынын ичинен 27 учуру — такай болуп турган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук болгон.

Ал эми ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккен.

Ошондой эле, министрлик жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилеген. Мындан улам ИИМ ата-энелерди балдарын эркек кишилер менен жалгыз калтырбагыла деп кеңеш берип, алардын телефонуна «Менин аймактык инспекторум» жана «112 Кыргызстан» колдонмолорун орнотуп берүүнү айтат. Бул колдонмолор жардам керектиги тууралуу билдирүү жөнөтүүгө жана өзгөчө кырдаал жаралса эмне кылуу керектиги тууралуу маалымат алууга жардам берет.

Тема боюнча:

Чаткал: 20 жаштагы бала аны үч киши зордуктап жүргөнүн айтып милицияга кайрылды