Таласта 13 жашар өгөй кызын үч жылдан бери зордуктап жүргөнгө шектелген киши изделүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Акыйкатчы аппаратынан Талас облусунун Талас районундагы Орто-Арык айылынын 50 жаштагы тургуну 16 жаштагы өгөй кызын «үч жылдан бери зордуктап жүргөнүн» айтып, ал издөөгө алынганын билдиришти.

Мекеменин Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнө тургундардын бири кайрылып, милиция кызматкерлери учурда ал кишини таппай жатканын, кыз менен эненин ортосунда мамиле бузулгандыктан, кыз суицидке барбаш үчүн ага психологиялык жардам керектигин айтып телефон чалган.

Аппараттын кызматкерлери маалыматты текшергенде өспүрүмдүн апасы 22-июнда Талас РИИБиге арыз менен кайрылып шектүүнү издеп жатканы тастыкталган.

29-июнда кыздын апасы акыйкатчыга арыз менен кайрылган. Анда кызынын боюнча бар экенин жаңы ич-кийим сатып берип кийгизип жатканда байкап калганын айткан.

Ошондой эле ал шектүү менен 2014-жылы баш кошконун жана ортодо эки балалуу болушканын жазган. Ал эми мурунку күйөөсүнөн үч баласы бар экенин билдирген.

Аял күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылганына карабастан «дагы бир күйөөдөн чыкты» аттуу болгусу келбей чыдап жашаганын айткан. Ал эми 2017-жылы анын кичүү баласы ооруп калып, ага 2019-жылы операция жасатыш үчүн Кореяга кеткенде кызы «алгачкы жолу зордукталган» дейт эне.

«“Бирөөгө айтсаң апаңды, эки бир тууганыңды өлтүрүп коём” деп коркуткан. Үч жыл үйдө эч ким жок кезде пайдаланып, күч колдонуп зордуктап жүргөн», — деп билдиришти Акыйкатчы аппаратынан.

Учурда милиция шектүүнү издеп жатат. Бирок өспүрүмдүн апасы укук коргоо органдары кишини «таппай атабыз» деп көңүл кош мамиле жасаганына нааразы болууда.

«Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгү кыздын апасына юридикалык кеңештер берди, ал эми жабырлануучу кызга психологиялык жана моралдык жардам көрсөтүү үчүн социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылды», — деп билдишти мекемеден.

Мындан сырткары, Акыйкатчы аппаратынан Талас РИИБиге тергөөнү дыкат жүргүзүү жана тергөөнүн жыйынтыктары менен тааныштыруу өтүнүчү менен кат жиберишти.

2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1101 кылмыш иши жасалган. Анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Араванда 15 жашар кыз көз жарды, аны 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталды

Сокулукта 10 жашар кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

«Кыздын абалы оор». Кара-Суунун тургуну 1-класстын окуучусун зордуктоого шектелүүдө