ИИМ: Чет өлкөлүктөргө кыргыз паспортторунун берилиши текшерилет

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандын жарандыгын алган чет элдик жарандардын бардыгынын паспорттору Ички иштер министрлиги тарабынан текшерүүгө алынат. ИИМден буга «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхана Инандынын кош жарандуулугу аныкталганы себеп болгонун билдиришти.

Укук коргоо органдары чет өлкөлүктөргө паспорттор ким тараптан жана эмне себептен берилгенине юридикалык баа берет. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын паспортун алган чет өлкөдөн келген жарандардын кош жарантуулугу бар же жок экенин аныктоо боюнча да иш-чаралар башталды.

*«Кыргыз Республикасынын жарандыгы» жөнүндө мыйзамында эки жарандык алууга тыюу салынган эмес. Чектөөлөр мамлекеттик кызматкерлерге гана каралган.

Ошондой эле ИИМден буга чейин паспорттор мыйзамсыз берилгенин жана аларды берүүдө «Ээнбаштык» жана «Коррупция» фактыларын аныктаганын билдирди.

«Анын ичинде мурда соттолгон, издөөдө жүргөн адамдар, башка өлкөнүн жарандары, керек болсо кылмыштуу чөйрөнүн адамдары да кыргыз паспортун алып жүрүшкөндүгүн биз өз убагында ачыктаганбыз [...] ИИМ паспорт системасында тартип орнотуу максатын көздөйт. Иликтөө учурунда мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча маалыматты ЖМКлар аркылуу коомчулукка кабарлап турабыз», — деп билдиришти ИИМден.

Белгилей кетсек, Бишкек ШИИБиси сотко чейинки иликтөөнүн негизинде Инанды Кыргызстандын паспортунан сырткары, мөөнөтү 2024-жылдын 23-сентябрында аяктай турчу Түркия Республикасынын паспортун пайдаланып жүргөнүн аныктаган.

Ал эми 7-июлда Орхан Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова, анын кардарынын Түркиядан алган паспорту жараксыз экендигин белгилеп, 2012-жылдан бери Кыргызстандын жараны экенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек ШИИБи: Инандынын кыргыз жана түрк жарандуулугу бар болгону аныкталды

Ташиев: Инандыга кеңештерди бергенбиз, өзү кенебей койду

Рейхан Инанды: Орхан агай Кыргызстанга, кыргыз бийлигине ишенген эле