Ош ШИИБи: Шайлоочуларга 1 500 сомдон тараткан киши кармалды

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Хамидулло Узаков/Kloop

Ош ШИИБи шайлоочуларга 1 500 сомдон таратып жүргөн киши кармалганын билдирди. Ал добуш сатып алууга шектелип ШИИБдин тергөө кызматына алып келинди.

Маалыматка ылайык, ал акча каражаттарын алдын ала түзүлгөн тизме боюнча таратып жүргөн. Милициядан алгачкы маалымат боюнча шектүү шайлоого катышып жаткан талапкердин жакын тууганы экенин айтышты.

Учурда «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

8-июль күнү ШИИБ добуш сатып алууга шектеп шаардык кеңешке аттанган талапкерди кармаган. Ал эми 7-июлда ушул эле шек менен үч киши кармалган.

Шектүүлөрдүн жанынан 115 миң сом табылып, алардын бири жергиликтүү кеңешке талапкер болгону аныкталган. Мындан улам талапкер 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кармалгандарды «И.Х.», «Р.Ш.» жана «Л.Б.» инициалдары менен белгилеген. Шайлоого катышкан талапкерлердин тизмесинде «Л.Б.» инициалдарына Бахадир Латиханов туура келет — ал «Ынтымак» партиясынын тизмесинде 17чи болуп турат.

11-июлда Ош, Бишкек жана Токтмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтөт. Ош шаардык кеңешке шайлоого тогуз партия катышууда.

Ал эми буга чейин 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы БШК жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт катоодон — улам кабыл алынган.

Ош шаардык кеңешине талапкер добуштарды сатып алууга шектелип кармалды

Ошто добуш сатып алууга шектелип үч киши кармалды. Алардын жанынан 115 миң сом табылган