Бир кадр менен: Бишкектин борборунда COVID-19га каршы эмдөө пункту ачылды

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 11-июлда коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды. Республикалык штаб билдиргендей, саат 17:00дөн тартып каалоочулардын баары паспорту менен келип Sinopharm вакцинасын сайдырса болот.

Ушул эле күнү бир айдан ашык күтүлүп жаткан Sinopharm кытай вакцинасы келди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан Кытайдан вакцинанын 1 млн 250 миң доза алып келинди.

Республикалык шиабдын 11-июлга карата маалыматына ылайык, өлкөдө дээрлик 130 миң киши коронавируска каршы эмделди.

ТЕМА БОЮНЧА:Вакцина алуу менен коронавирустун жайылышын кантип токтотсо болот? Түшүндүрөбүз