Оштун мэри: Мурунку шайлоодо дагы, бүгүнкүдө дагы админресурс колдонулган жок

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов калаадагы №5555 шайлоо участогунда добушун берди.

Сарыбашов добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, мэрия Ош шаардык кеңешке аттанган партияларга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди жана апрелде өткөн шайлоодо дагы, кайра шайлоодо дагы админресурс колдонулган эмес.

«Мен ачык эле айтамын, ошол Ош шаарында өткөн шайлоодо дагы одоно мыйзам бузуу болгон эмес. Эми бул Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими болду, биз ага баш ийишибиз керек [...] Мен шаардын башчысы катары башымды бийик көтөрүп туруп айтамын, биз мурунку шайлоодо дагы админресурс колдонгон эмеспиз, мына бүгүнкү шайлоодо дагы бардык нерселерге калыс адилеттүү туруп бердик», — деди Сарыбашов.

Журналисттердин бири соцтармактарда мэриянын кызматкерлери «мэрди колдосоңор “Ата-Журт — Кыргызстан” партиясын шайлагыла» деп жатат деген маалымат тарап жатканын билдирди. Сарыбашов бул маалыматты «доомат» деп атады.

Андан сырткары Таалайбек Сарыбашов кайрадан мэрдик кызматка келүүгө ниети бар экенин да белгиледи.

Боршайком 11-майда Бишкекте, Ошто жана Токмокто шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга шайлоочуларды массалык каттоо, добуш сатып алуулар жана админресурс колдонуу себеп болгон.

Ал эми 2-июнда президент Садыр Жапаров Оштун мэрин кабыл алып, административдик ресурс колдонулбасын деп эскерткен.