Бишкек: Төрт партия шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон талапкерлер. Сүрөт: «Туран» саясий партиясы

Бишкек шаардык кеңешке шайлоого аттанган төрт партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти. Алар «Реформа», «Туран», «Улуу-Журт» жана «Социал-демократтар».

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгаары менен «Туран» жана «Улуу-Журт» партияларынын талапкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына чогулушту.

«Биз өтпөй калгандан тааныбайбыз деп жатпайбыз. Бизге тиешелүү болгон өзүбүздүн добуштарды бербей койгон үчүн тааныбайбыз. Өзүбүз шайлап чыккан көптөгөн шайлоо участокторунан эч бир добуш чыкпай калып жатат. Керек болсо өзүбүздүн он талапкерибиз шайлап чыккан участоктордон эк-үчтөн гана добуш берилип калды бизге [...] Мыйзам бузуулар аябай көп болду, добуш сатып алуулар көп болду. Соцтармактарда далилдери жүрөт, мына эч кандай чара колдонулган жок», — деди «Туран» партиясынын талапкери Тилекмат Кудайберген уулу (Күрөңов).

Ал эми «Реформа» партиясынын Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого добуш сатып алуулар жана административдик ресурс колдонулушу себеп болду. Партиядан бул шайлоо «чынчыл, адилеттүү жана демократиялуу» принциптерине жана шарттарына жооп бербейт деп эсептейт.

«“Реформа” сасий партиясы БШКны жана компетенттүү органдарды бардык укук бузуу фактыларын эске алуу менен, КРдын мыйзамдарынын негизинде, объективдүү иликтөөгө жана укук бузган партияларды чечкиндүү түрдө тиешелүү жазага тартууга, ал тургай шайлоодон алып салууга, чакырат», — деп берилет «Реформанын» билдирүүсүндө.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча, «Реформа» — 5,35%, «Туран» — 0,38% жана «Улуу-Журт» — 0,22% добушка ээ болушкан.

Ал эми шайлоодо 8%дан көбүрөөк добуш алып, Бишкек шаардык кеңешке өткөн «Социал-демократтардын» лидер Темирлан Султанбеков алар «Эмгек», «Ишеним» жана «Өнүгүү-Прогресс» партияларынын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Султанбековдун айтымында, аталган партияларда добуш сатып алуу фактылар катталган.

Буга чейин УКМК 10-июлда «Эмгек» партиясынын өкүлүн добуш сатып алууга шектеп кармаган. Шектүү Бишкектин Ленин районундагы №2 муниципалдык аймактык башкармалыктын жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

Ал эми 11-июлда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы добуштарды сатып алууга аракеттенген үч кишини №1221 шайлоо участогунун алдында кармаган. Алар «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын үгүттөөчүлөрү болгону маалымдалды.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешине алты партия өтүүдө, алар: «Эмгек» (18%), «Ата-Журт Кыргызстан» (14%), «Ишеним» (11%), «Ынтымак» (10%), «Социал-демократтар» (8%) жана «Өнүгүү-Прогресс» (8%).

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек, Ош, Токмок: Шайлоонун жыйынтыгы жана мандаттардын саны