Бишкек: «Өнүгүү-Прогресстин» үгүттөөчүлөрү добуш сатып алууга шектелип кармалды

11-июлда Бишкектин Исанов жана Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги №1221 шайлоо участогунун аймагында добуш сатып алууга шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Милициядан билдиришкендей, саат 11:45те № 1221 шайлоо участогунда белгисиз аял партиянын бирине агитация жүргүзүп, акча таратып жатканы туурасында билдирүү келип түшкөн. Жерине барган ыкчам тергөө тобу 44, 38 жана 34 жаштагы кишилерди кармады.

Кармалгандарга тиешелүү «Хонда» үлгүсүндөгү автоунаасын тинтүү учурунда үгүт материалдар, 20 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси табылды.

Милиция бул фактты «Добуш сатып алуу» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ал эми «24.kg» басылмасы шектүүлөр Бишкек шаардык кеңешке аттанган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын үгүттөөчүлөрү болгонун жазды.

Буга чейин, 10-июлда, УКМКнын кызматкерлери Бишкектин Ленин районундагы «Эмгек» партиясынын өкүлүн добуш сатып алууга шектеп кармаган. Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү шайлоочуларга 1 миң сомдон акча таратып жатканы белгилүү болгон.

11-июлда Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүп жатат. Үч шаардык кеңешке шайлоодо 26 партиядан 2 204 талапкер ат салышууда. Борбор калаада 18 партия, Ош шаарында сегиз, ал эми Токмокто алты партия катышууда.

Кечээ, 10-июлда, өлкө боюнча 3 511 жаран добуштарын участоктон сырткары добуш беришти — алардын арасында президент Садыр Жапаров да бар. Буга өлкө башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус аныкталгандыгы себеп болду.

Ал эми буга чейин 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын БШК жокко чыгарган. Мындай чечимге аталган шаарлардагы участкаларда шайлоочуларды жапырт каттоо, добуш сатып алуу, админресурстун колдонулушу жана мыйзам бузуулар массалык мүнөзгө ээ болгону себеп болгон.

Тема боюнча:

УКМК: «Эмгек» партиясынын өкүлү акча таратып жаткан жеринен кармалды

Ошто «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлү добуштарды сатып алууга шектелип жатат

Видео: Ош шаарында шайлоочулар массалык түрдө ташылып жатат