Сузак: Милиция экинчи аял алып той берген кишинин аракетинде кылмыш жок деп тапты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда экинчи аял алып, той берген тургунга карата козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

«Тергөөнүн жүрүшүндө экинчи аялына той өткөргөн кишинин жубайлары эки башка даректе жашагандыктан, “Эки же андан көп аял алуу” беренеси боюнча каралган иште кылмыштын курамы аныкталбагандыгына байланыштуу өндүрүш иши 29-июнда кыскартылган», — деп билдиришти милициядан.

* Кыргызстанда эки же андан көп аял алууга тыюу салынган. Мурда Жазык кодексинде көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган болчу. Бирок 2017-жылы түзөтүү киргизилгенде бул беренени декриминалдаштырылып, азыркы учурда жаза — 100 миң сомдон 140 миң сомго чейин айып төлөө же коомдук иштерге тартууга өзгөртүлгөн.

«Эки же андан көп аял алуу» беренесинде мындай деп айтылат: Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, эркектин жалпы чарба жүргүзүү менен эки же андан көп аялдар менен чогуу жашоосу.

Укук коргоочу Мухаё Абдраупова Жазык кодексиндеги «Эки же андан көп аял алуу» беренесин тергөөчүлөр туура эмес чечмелейт деген пикирде.

«Эки же андан көп аял алып, бирок эки башка жакта жашашса милиция карабай жатат. Менин практикамда да андай иштер болуп жатат. Алар “жашоо бир короодо эмес” деген жүйөөнү келтиришет. Бирок бул туура эмес. Беренеде карама-каршы келген жагдайлар да бар», — дейт Абдраупова.

Эмне болгон?

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында соцтармактарда «“Күндөшүм эмес, сиңдиме бакыт тилейм”. Сузакта аялы өз күйөөсүнө экинчи аял алып берди» аталышындагы тасма тараган.

Видео тойканалардын биринде тартылган. Анда экинчи аял алып жаткан тургундун биринчи жубайы жана балдары «бакыт» каалаган тилектерди айтышкан. Ал эми келген коноктордун бири «мындай ишти март адамдар гана кыла алат» деп, кишинин биринчи аялына «ыраазычылык» билдирип, ал убадасында аягына чейин турат деп үмүт арткан.

Ошондой эле, тойдун жүрүшүндө эркек киши эки аял менен тең чогуу бийлеген — тойго катышкандар кол чаап, акча кыстарышкан.

Аталган окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, тасманын астында комментарий калтырган эркектердин көпчүлүгү биринчи аялга ыраазычылык билдиришкен. Ал эми кээ бир аялдар жолдошуна аял алууга ыраазычылыгын берген аялды сынга алып, «бул акылга сыйбаган иш экенин» айтышкан.

Мындан сырткары, соцтармак колдонуучулары кишинин биринчи аялы «күйүтүнө чыдабай асынып алыптыр деген маалыматтар бар экенин» жазышкан.

Бирок Жалал-Абад милициясы «аял асынып алыптыр» деген маалымат жалган экенин айтып, ал эми экинчи аял алган тургундун окуясы «Эки же андан көп аял алуу» беренеси менен сотко чейинки тергөө жүрүп жатканын билдирген.

Тема боюнча:

Видео: Сузактын тургуну экинчи аял алып той берди, милиция окуяны териштирүүдө