Тажикстанда чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталган кыргыз жараны 5 жылга кесилди

Дүйшөмбү шаардындагы №9/1 тергөө абагы. Сүрөт: «AsiaPlus» басылмасы

Тажикстандын Исмоил Сомони райондук соту 9-июлда кыргыз жараны Айбек Махмудовду 5 жылга эркинен ажыратты. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинен 13-июлда тастыкташты.

Махмудов коңшу өлкөнүн чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө күнөөлүү деп табылды. Учурда ал менен кошо айыпталган үч кыргыз жараны Абдулбос Нуридинов, Иброим Мурзамидинов жана Хатамбек Эгембердиев учурда Дүйшөмбү шаардындагы №9/1 тергөө абагында кармалууда.

*Тажикстандын мыйзамына ылайык, чек араны мыйзамсыз өткөндөргө 30 миңден 60 миң сомониге (болжол менен 222 миң - 445 миң сом) чейин айып пул салынат же 2 жылдан 5 жылга чейин кесилет. Махмудов мыйзам боюнча эң катаал жаза алды.

Соттолгон кишинин атасы Назар Махмудов «24.kg» басылмасына анын баласы жана үч кыргызстандык 10-апрелде Тажикстандын Жерге-Тал (Лахш) районунда кармалганын билдирди. Кийинчерээк алар Дүйшөмбүдөгү тергөө абагына которулушкан. Ал эми калган жарандардын соту 16-июлга белгиленген.

Жарандык активист Аким Кожоевдин айтымында, кармалган кыргызстандыктар Тажикстанга туугандарынан кабар алууга барышкан.

«Чоң-Алайдагы өткөрмө пункт жабылгандан кийин алар Согди облусундагы пункттан өтүшкөн. Эми аларды чек араны мыйзамсыз өтүүгө айыптап жатышат. [Кыргызстандыктарга] туугандары менен жолугушууга уруксат бербей жатышат. ТИМге кайрылганыбыз менен Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинен эч ким кыргызстандыктардан кабар алган эмес», — деди жарандык активист.

Соттолгон Айбек Махмудов бир жашар баласы бар, учурда ал Кыргызстанда чоң-атасынын кароосунда. Ал эми анын жубайы Тажикстанда.

ТИМден тажик тарап кармалган кыргызстандыктар тууралуу убагында маалымат берген эмес деп билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлерин «оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу» тергөө абагына киргизбей жатышканын айтышты.

Калкы 12 миңден ашуун болгон Жерге-Тал району Кыргызстандын Чоң-Алай району менен чектешет. Ал жерде көбүнесе этникалык кыргыздар жашайт.

Кыргызстан 21-майдан тартып Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганын маадымдаган.

Кыргызстан Тажикстан менен чек араны 28-апрелден 1-майга чейин созулган аскерий агрессиядан кийин жаап салган. Анда 36 кыргызстандык каза болгон — алардын ичинде жай тургундар, жаш балдар жана жоокерлер бар. Мындан сырткары тажик аскерлеринин аракеттеринен 136 турак үй өрттөнүп, 84 объектилер бузулган.