Аксы: 5 жашар уулун сел агызган ата анын сөөгүн табууга жардам сурайт

Айдар дал ушул ташта отурганда аны сел агызып кеткен. Сүрөт: Зарина Маматжанова/Kloop

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл айыл аймактарында 12-июлда жүргөн селдин кесепетинен каза тапкандардын арасында Таштак айылынын 5 жашар тургуну Айдар да бар. Бирок анын сөөгү үч күндөн бери табыла элек.

Айдардын атасы Элнурбек Жоошбаев «Клооптун» журналисттерине маек куруп, кырсыктын чоо-жайын айтып берди. Ошондой эле айылдаштарына кайрылып, уулунун сөөгүн табууга кол-кабыш кылууну өтүндү.

Жоошбаев «кырсык заматта эле болуп кетти» дейт. Анын айтымында, окуя болгон күнү эки уулу сай жакта ойноп жүрүшкөн. Ал сел келгенде кенже уулу качууга үлгүрбөй калганын айтып кейиди.

«Мен билгендей эле “ал жака [сайга] барбагыла суу көбөйүп кетпесин, үйдө болгула” деп айткан экем. Биз ашкана жакта элек, келсек үйдөн чыгып кетишкен экен. Чоңдорду эрчип күндө барып жүргөн сайдагы көлгө барган […] Анан суу келип калганда чоңум качканга жетишип калган, кичинем жаш болгонуна байланыштуу таштын үстүндө кача албай, ташта ыйлап туруп калган», — дейт ал.

Ал сыртта күүлдөгөн үн чыкканын угуп эшикке чыга калган. Ошол учурда сел келип көпүрөдөн ашып жатканын көргөн ата уулун суу агызып кеткенин түшүнгөн. Бирок анын колунан эч нерсе келген эмес.

Жолдошбаев айылдаштарына кайрылып, уулунун сөөгүн табууга жардам берүүнү өтүндү.

«Издешкенге чыгып койсоңуздар. Эч болбосо сөөгүн көрүп, өксүгүбүз кансын», — деди ал.

12-июлда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда каттуу жаан жаап, Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында сел жүргөн. Анын кесепетинен сегиз киши каза тапты — алардын жетөөсүнүн сөөгү табылды.

Каза болгондордун алтоо — эки аял, эки өспүрүм жана эки жаш бала — бир үй-бүлөдөн болушкан. Алардын баары Жолборсту айылынын Алты-Айры жайлоосуна ошол күнү эс алууга кетишкен. Тилекке каршы алар токтогон тамды сел агызып кетип баары набыт болушкан.

Ал эми 12 жаштагы Нурсултан жайлоодон мал кайтарып, атасы менен бирге кайтып жатканда катуу жамгыр башталган. Нурсултандын атасы ага айылдаштарынын тамына кирип турууну айтып, өзү мал байлаганы кеткен. Бирок капыстан сел агып келип тамды жер менен бир кылган.

Сүрөт баян: Аксыдагы селдин кесепеттери жана кыйылган сегиз өмүр