Бишкекте айт намазы мечиттерде гана окулат — Муфтият

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) эпидкырдаалга байланыштуу Бишкектин эски аянтында айт намазы окулбай турганын билдирди.

КМДБ белгилегендей, Кыргызстанда Курман айтка карата майрамдык айт намазы мечиттерде гана окулат.

Курман айт бул жылы 20-июлда болот, бул күн дем алыш күн деп жарыяланды.

Курман айт же Ид аль-адха — Орозо айттан кийин 70 күндөн соң белгиленүүчү курмандык чалуу майрамы. Бул күнү момун мусулмандар майрамдык айт-намазга чогулушат.

Адатта, Бишкекте айт-намазы Эски аянтта өтүп келген. Бирок 2020-жылы коронавирустан улам эпидкырдаал курчуганына байланыштуу муфтият бардык шаарларда айт намазын аянттарда окууга тыюуу салган. Анда Курман айт