Төрөбай Зулпукаровдун уулу «Майда ээнбаштыкка» шектелип жатат

Депутат Төрөбай Зулпукаровдун уулу Нуригман Зулпукаровго карата «Майда ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын үстүнөн «Бублик» кафесинде иштеген кыз арыз жазган.

Биринчи май райондук милициясына кайрылган кыз 6-июлда Нуригман Зулпукаров аны сөгүп, денесине залал келтиргенин билдирген.

Ал эми соцтармактарда тараган видеодо кафенин кассасында белгисиз киши кыздын колунан тартып, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Бул учурда кафенин башка кызматкерлери аны токтотуп калышкан.

Милиция шектүүнү суракка алган учурда ал жабырлануучу менен мектеп кезинен бери тааныш болгонун билдирип, ошол күнү аны менен «сүлөшүүгө келгенин» айтып берген.

Шектүүнүн атасы Төрөбай Зулпукаров учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Депутат 31-майда «Кумтөр ишинин» алкагында «Коррупцияга» шектелип кармалган.