«Кумтөр» иши. Бишкек шаардык соту Зулпукаровду УКМКнын тергөө абагында калтырды

Бишкек шаардык соту 23-июнда парламент депутаты Төрөбай Зулпукаровдун жактоочусунун арызын карады. Адвокат Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранган.

Сот отурумунун жыйынтыгында судья Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, аткаминер 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Ал арада сот имаратынын алдына депутаттын тарапташтары чогулуп, эл өкүлүн бошотууну талап кылышты.

Зулпукаров 2021-жылдын 31-майында УКМК тарабынан депутат кесиптеши Асылбек Жээнбеков менен бирге кармалган. Ошол эле күнү кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту эл өкүлдөрүн эки айга камакка алуу чечимин чыгарганы белгилүү болгон.

УКМКнын кызматкерлери саясатчыларды «Кумтөр» иши боюнча «Коррупция» беренеси менен кармаган. Алардан тышкары кармалгандардын катарын бир катар мурдагы жана азыркы саясатчылар толуктаган, мисалы, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана Мухаммедкалый Абылгазиев.

Депутаттардын арасынан Талантбек Узакбаев, Алмазбек Батырбеков жана экс-депутат Исхак Пирматов кармалган.

«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр

«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр бир ай мурда башталган — бул 6-майда парламент депутаттары жеке компанияга сырткы мамлекеттик башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкандан кийин болгон.

Дагы бир апта өткөн соң, 12-майда «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия ишинин алдын-ала жыйынтыгын жарыялаган. Анда комиссия мүчөлөрү компаниядан 459 млрд сом же 4 млрд 252 млн доллар өндүрүп алууну сунушташкан.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Натыйжада бийлик «Кумтөр Голд Компаниге» тышкы башкаруучуну дайындашкан. Ал Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү, Канаданын жараны Теңгиз Бөлтүрүк болгон.

Мындай чечим канадалык компанияны — Centerra Gold Inc — канааттандырган эмес. Компания кыргыз өкмөтүн Арбитраждык сотко берерин билдирген. Centerra республика өкмөтүнүн иш-аракети тараптар ортосундагы кол коюлган келишимдерди бузат деп эсептейт.

Ошол эле учурда, Канада компаниясы өкмөт аларга кайрылса «конструктивдик» диалогго даяр экенин билдирген.

Ошондой эле 1-июнда Centerra Gold компаниясынын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин баштоо үчүн Нью-Йоркто сотко кайрылышканы белгилүү болгон.

Бул процесстин мааниси соттун көзөмөлү астында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларына карата бүткүл дүйнө жүзүндө баардык дооматтарды автоматтык түрдө токтото турууну шарттайт.

8-июнда сот алардын доо арызын канааттандырып, компаниялар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес, аларга доо коюлбашы керектигин жана алардын менчиги конфискацияланышы мүмкүн эмес деген токтом чыгарган. Кенди иштетүүгө байланыштуу келишимдер бузулуп же өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

Бирок Бөлтүрүктүн айтымында, кыргыз тарап келтирген жүйөөлөрдөн улам Нью-Йорк соту банкрот боюнча ишти 15-июлга чейин жылдырган.