Видео: Жамгырдан улам Ош — Сары-Таш — Эркештам жолунда сел жүрдү

15-июлда Ош облусунун Алай районунда каттуу жаан жаап, Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолундагы Кара-Булак айылын сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жамгыр саат 20:00 чамаларында башталган. Анын кесепетинен Кара-Булак айылындагы үч турак жайды сел суулары каптап, Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолу жабылган.

Табият кырсыгы болгон жерге ӨКМдин Алай райондук башкармалыгынын кызматкерлери техника менен барып, саат 23:40та жол ачылган. Алар жолдогу ылай жана таштарды тазалаган.

Июль айынын башында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүргөн. Анын кесепетинен 11 турак жай жана 250 метр ички чарбалык жабыркаган.

Ал эми 6-июлда Баткен районунун Согмент, Газ жана Кара-Булак айылдарын сел каптап, аймактарга өзгөчө кырдаал киргизилген. Анда сел 47 турак үйдү кооптуу абалга келтирип, эки көпүрөнү агызып кеткен.

Кийинчерээк, 12-июлда, сел Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында катталган. Анын кесепетинен сегиз киши каза тапкан, алардын көпчүлүгү жаш балдар жана өспүрүмдөр. Каза болгондордун алтоосу бир үй-бүлөдөн болушкан.

Сел агызган жети кишинин сөөгү табылды, ал эми 5 жашар Айдар дагы деле табыла элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүрөт баян: Аксыдагы селдин кесепеттери жана кыйылган сегиз өмүр