Бир кадр менен: Бишкектеги Абдулкерим мечитиндеги айт намазы

20-июлда Бишкектин Жал кичи районунда Курман айт майрамына карата айт намазы болуп өттү.

Абдулкерим мечитине айт намазга 300гө чукул адам келген, мусулмандардын калганы мечиттин короосуна чогулган.

Жал кичи районундагы Абдулкерим мечитиндеги айт намазы. Сүрөт: Акипресс

Курман айтка карата айт намазы өлкө боюнча бардык мечиттерде өттү. Ош шаарында борбордук мечитке жети миңге чукул адам айт намазына келген.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) эпидкырдаалга байланыштуу Бишкектин эски аянтында айт намазы окулбай турганын билдирген. Муфтият мусулмандарга айт намазын санитардык эрежелерди сактап, мечиттерде окууну сунуштаган.

Мечиттерде Курман айтка карата айт намазы 2021-жылдын июнь айынын ортосунда башталган коронавирустун үчүнчү толкунунун шартында окулду. Муну менен катар Бишкек жана Ош шаарлары коронавирус жуктургандардын саны көп болуп жаткандыктан «кызыл зонага» кирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин 20-июлга карата маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери өлкөдө илдеттин 151 607 учуру катталды. Илдет жуктуруп 2 196 бейтап каза тапкан.