Ош шаарынын борбордук мечитинде 7 миңдей киши айт намаз окуду

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаарынын «Сулайман-Тоо» борбордук мечитинде 20-июлда Курман айт майрамына карата айт намазын 7 миңдей киши окуду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Айт намазын Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов, Дин иштери боюнча мамкомиссиянын түштүк региону боюнча жетекчиси Исакбай Мурзабеков жана диний ишмерлер шаар тургундары менен чогуу окуду.

Мындан сырткары айт намаз калаадагы 41 мечитте окулду.

15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айт намаз аянттарда окулбай турганын билдирген. Муфтият диний иш-чаралар мечиттерде гана өткөрүлө турганын айткан.

Курман айт майрамына карата айт намаз өткөн жылы да мечиттерде окулган — анда коронавирустун биринчи толкуну күч алган эле.

Курман айт — Орозо айттан кийин 70 күндөн соң белгиленүүчү курмандык чалуу майрамы. Бул күнү дүйнө жүзүндөгү момун мусулмандар майрамдык айт намазга чогулушат. Ал эми Кыргызстанда 20-июль дем алыш күнү деп жарыяланган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 14-июлда дүйнөдө COVID-19дун үчүнчү толкуну башталганын кабарлаган. Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус 1 291 кишиде аныкталып, 10 бейтап каза болду.